МЕДИЦИНАЛЫК БӨЛҮМГӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 11 March 2024
ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Медициналык бөлүмгө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Жалпы медицина тармагында жогорку медициналык билим (2019–2023-жылдары университеттин бүтүрүүчүлөрү);
- Компьютерди ишенимдүү колдонуу, Microsoft Office, Google Docs, Zoom программаларын билүү;
- Жеке сапаттар: демилгелүүлүк, тырышчаактык жана командада иштөөнү каалоо, тактык жана тартип;
Милдеттер:
- Ар кандай медициналык документтерди жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
- Нөөмөткө чейинки жана жылдык медициналык кароодон өтүү үчүн документтерди жүргүзүү;
- Медициналык бөлүмдүн конференцияларын жана семинарларын өткөрүүгө көмөктөшүү.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
- Такшалма графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2024-жылдын 25-марты, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.