МЕДИЦИНАЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 19 July 2024
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 02.08.2024, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын Медициналык бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- «Дарылоо иши» багыты боюнча жогорку медициналык билим (окуу жайын аяктаган күндөн тартып 5 жылдан ашык эмес);
- Компьютерди ишенимдүү колдонуу, Microsoft Office, Google Docs, Zoom программаларын билүү;
- Жеке сапаттар: демилгелүүлүк, тырышчаактык жана командада иштөөнү каалоо, тактык жана тартиптүүлүк;
- Медициналык көз караштан алганда бийик тоолуу шарттарда иштөөгө ден-соолугу ылайыктуу болуу;
- Тартиптүүлүк, командада иштей билүү.
Милдеттер:
- Өндүрүш гигиенасы боюнча ар кандай медициналык документтерди жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
- Кендеги өндүрүштүк гигиеналык дарыгерлерге медициналык процедураларды жүргүзүүдө ассистент катары жардам берүү;
- Бийик тоолуу жана өндүрүштүк шарттарда медициналык жардам көрсөтүү боюнча тажрыйба топтоо.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду – Кумтөр кени
- Такшалманын графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 2-августунда 16.00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.