МЕДИЦИНАЛЫК БӨЛҮМҮНӨ (ДАРЫЛОО ИШИ) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

МЕДИЦИНАЛЫК БӨЛҮМҮНӨ (ДАРЫЛОО ИШИ) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 21 June 2024

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 05.07.2024, 16:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын Медициналык бөлүмүнө (дарылоо иши) эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • «Дарылоо иши» багыты боюнча жогорку медициналык билим (окуу жайын аяктаган күндөн тартып 5 жылдан ашык эмес);
  • Компьютерди ишенимдүү колдонуу, Microsoft Office, Google Docs, Zoom программаларын билүү;
  • Жеке сапаттар: демилгелүүлүк, тырышчаактык жана командада иштөөнү каалоо, тактык жана тартиптүүлүк;
  • Медициналык көз караштан алганда бийик тоолуу шарттарда иштөөгө ден-соолугу ылайыктуу болуу;
  • Тартиптүүлүк, командада иштей билүү.

Милдеттер:

  • Өндүрүш гигиенасы боюнча ар кандай медициналык документтерди жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
  • Кендеги өндүрүштүк гигиеналык дарыгерлерге медициналык процедураларды жүргүзүүдө ассистент катары жардам берүү;
  • Бийик тоолуу жана өндүрүштүк шарттарда медициналык жардам көрсөтүү боюнча тажрыйба топтоо.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Кумтөр кени
  • Такшалманын графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 5-июлунда 16.00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.