МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК ЖАБДУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 29 December 2023
ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК эки жылдык стажировкадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн материалдык-техникалык жабдуу бөлүмүнө (подряддык уюмдар менен иштөө боюнча топ) тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Тоо-кен, курулуш жана транспорт тармагындагы жогорку техникалык билим (2019-2023-жылдары университеттин бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз);
- Корпоративдик маалыматтык программалардагы иш тажрыйбасы;
- Ишкердик кат алышуу, сабаттуу жазуу жана оозеки сүйлөө көнүмдөрү;
- Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөө (англис тилин билүү кубатталат);
- Коммуникабелдүүлүк, адептүүлүк жана берилгендик.
Милдеттер:
- Подряддык уюмдардын техникасынын жана кызматкерлеринин түшүүсүнө, көтөрүлүшүнө табыштамаларды тариздөөгө көмөктөшүү;
- Подряддык уюмдардын кызматкерлерин окутууга табыштамаларды кабыл алууга жана тариздөөгө катышуу;
- Жаңы кызматкерлердин документтерин кабыл алууга жана текшерүүгө катышуу;
- Подряддык уюмдардын жаңы техникаларын каттоого көмөктөшүү;
- Күн сайын отчетторду кабыл алууга жана түзүүгө катышуу;
- Кызматкерлердин жеке документтерин, ошондой эле бөлүмдүн документтерин архив ишин жүргүзүүгө жардам берүү;
- Компаниянын өндүрүштүк-уюштуруу түзүмүн жана бөлүмдүн ишин билүү;
- Подряддык уюмдар катышкан компаниянын бөлүмдөрү менен тыгыз иш алып баруу;
- Подряддык уюмдар катышкан бөлүмдөргө жөнөтүү үчүн күнүмдүк отчетту даярдоого, иштеп чыгууга, жыйынтык отчетторду даярдоого жардам берүү.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду –Кумтөр кен ишканасы
- Такшалманын графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 12-январында 16.00 дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.