МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА ЛОГИСТИКА БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 03 November 2023
ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
“Кумтор Голд Компани” ЖАК Материалдык-техникалык камсыздоо жана логистика бөлүмүнө ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн эки жылдык стажировкадан өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- “Логистика”, “Материалдык-техникалык камсыздоо”, “Экономика” багыттары боюнча жогорку билим (2022-жылдан 2019-жылга чейин ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз);
- Адистиги боюнча иш тажрыйбасы же практика өткөндүгү артыкчылык болот;
- Microsoft Office менен жогорку денгээлде иштөө жана компьютердик чеберчилик.
- Англис тилин билүү милдеттүү;
- Өнүгүүнү каалоосу, жигердүү, энергиялуу, коммуникабелдүү, жоопкерчиликтүү;
- Айлана-чөйрөнүн талаптарына ылайыкташа билүү, чоң көлөмдөгү маалыматтар менен иштей билүү, чыгармачылык, максатка умтулуу, командада иштей билүү;
- Стресске чыдамдуулук жана сылыктык;
Милдеттери:
- Жөнөтүүчүлөр, Сток-позициялар, сатып алуу тапшырмалары боюнча маалыматтарды киргизүү боюнча сатып алуулар боюнча ички программа менен иштөөдө жардам көрсөтүү;
- КГКнын Жоболорунун талаптарына жана мыйзам ченемдерине ылайык пайдалануучулардын билдирмелери боюнча товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн болушун камсыздоо;
- Товарлардын болушуна жана чыгымдалышына мониторинг жүргүзүү, рынокту жана товарлардын баасын талдоо;
- Акыркы сатуучулар жана акыркы колдонуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- Буйрутмаларды экспедициялоого көмөктөшүү, келишимдерди, сатып алуу буйруктарын даярдоо жана макулдашуу ж.б.;
Стажировканын шарттары:
- Акы төлөнүүчү стажировка
- Стажировканын узактыгы – 2 жыл
- Стажировка өтүү орду – Бишкек ш. кеңсе
- Стажировканын графиги-5/2
Тандоого катышуу үчүн Сизге төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2023-жылдын 17 – ноябрдын саат 16:00дөн кечиктирбестен кийинки шилтеме аркылуу тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.