МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНӨ (ЛОГИСТИКА ТОБУ) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 26 July 2024
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 09.08.2024, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнө (логистика тобу) эки жылдык стажировкадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- «Экономика», «Логистика», «Материалдык-техникалык камсыздоо» «Юриспруденция» багыттары боюнча жогорку билим;
- MS Office (айрыкча Excel), Outlook менен иштей билүү;
- Англис тилин Intermediate жана андан жогору деңгээлде билүү милдеттүү;
- Адистиги боюнча иш тажрыйбасы же практика өткөндүгү артыкчылык болуп саналат;
- Стресске туруктуулук жана тил табыша билүү – чоң көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү;
- Креативдүүлүк, максатка умтулуу, командада иштей билүү.
Милдеттер:
- Жүктөрдү ташууну уюштурууда көмөк көрсөтүү;
- Жүктөрдү жиберүү жана жеткирүүнүн өз убагында болуусун көзөмөлдөөгө жардам берүү;
- Жүктөрдүн кыймылы тууралуу чоң көлөмдөгү маалыматтарды иштеп чыгууда жардам берүү;
- Презентацияларды түзүү.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду – Бишкек шаарындагы кеңсе
- Такшалманын графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 9 августунда 16.00 дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.