МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНҮН ТЕТИКТЕР ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР ТОБУНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНҮН ТЕТИКТЕР ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР ТОБУНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 03 April 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 10.04.2025, 16:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн тетиктер жана техникалык каражаттар тобуна эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Аяктаган жогорку билим (2019-жылдан 2024-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз).
  • MS Office программасын, анын ичинде Excel программасын ишенимдүү колдонуу;
  • Ишкердик кат алышуу жөндөмү, жазуу жана оозеки баарлашуу;
  • Төмөнкү тилдердин бирин билүү: англис, кытай, түрк;
  • Сатып алуулардын стандарттарын жана жол-жоболорун билүү артыкчылык болуп саналат;
  • Аналитикалык ой жүгүртүү.

Милдеттери:

  • Корпоративдик программаларга жана системаларга жеткирүүчүлөр жана сатып алуу заказдары жөнүндө маалыматтарды киргизүү жана жаңылоо;
  • Товарларды жана кызматтарды сатып алууга арыздарды даярдоого катышу;
  • Компаниянын керектөөлөрүнө ылайык материалдарды жана кызматтарды сатып алууга арыздарды даярдоо, тариздөө жана жөнөтүү;
  • Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткирүү шарттарын, мөөнөттөрүн жана баасын тактоо;
  • Сунуштарга суроо-талаптарды даярдоо жана жеткирүүчүлөрдүн сунуштарын талдоо:
  • Коммерциялык сунуштарга суроо-талаптарды даярдоого көмөк көрсөтүү;
  • Келишимдин шарттарын даярдоого жана макулдашууга катышуу;
  • Жеткирүүчүлөр менен келишим түзүү процессинде колдоо көрсөтүү;
  • Төлөм тапшырмаларын жана келишимдерди архивдөө.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кенсе
  • Такшалма графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2025-жылдын 10-апрелинде, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.