ЭМУЛЬСИОНДУК ЦЕХТИ ЖАНА ЗАРЯДДООЧУ МАШИНАЛАРДЫ ОҢДООЧУ СЛЕСАРЬ
Жарыяланган: 17 November 2021
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Эмульсиондук цехти жана заряддоочу машиналарды оңдоочу слесарь
Билдирүүнүн номери: KGC-21-0227
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Эмульсиондук цехтин жабдууларын жана агрегаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо (ар кандай контролдук-өлчөө жабдуулары, автоматтык башкаруу системасы);
- Эмульсиондук заряддоо машиналарынын агрегаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо (автоматтык куюу зымдары, куюп алуучу түтүктөр, түтүктөрдүн тыгындоочу жана жөнгө салуучу аппаратурасы).
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Жогорку техникалык билим (КИПиА, машиналарды жана жабдууларды тейлөө);
- Компрессордук орнотмолорду оңдоо боюнча слесарь, ЖЗ даярдоо пунктун тейлөө боюнча жумушчу, буу жана суу жылытуу казандарын оңдоо боюнча слесарь, жүк ташуу машиналарды жана жүк жүктөө-ташуу жабдууларды оңдоо жана тейлөө боюнча слесарь, басым астында иштеген идиштерди жана оңдоо боюнча слесарь, электр жабдууларын башкаруу панелдерин оперативдүү тейлөө жана которуу боюнча слесарь, КИПиА слесардын квалификациясы жөнүндө күбөлүк;
- Жардыруу иши, өнөр жай коопсуздугу жана эмгекти коргоо жаатындагы мыйзамдарды жана КР ченемдик актыларын билүү;
- Адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
- Англис жана түрк тилдерин билүү;
- Компьютердин жана Microsoft Office программаларынын пакетин колдонуучусу;
- “В “жана”С” категориясындагы айдоочулук күбөлүк;
Анкета жана резюмени 2021-жыл 01 декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0227.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.