ЮРИСКОНСУЛЬТ
Жарыяланган: 08 December 2022
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Юрисконсульт
Билдирүүнүн номери: KGC-22-267
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Компаниянын келишимдерине, келишимдердин талаптагыдай аткарылышы боюнча кат алышууларга, жана анын ичинде претензияык иштерге юридикадык экспертиза жүргүзүү;
- Келишимдердин жана башка документтердин долбоорлорун даярдоо;
- Ички документтердин укуктук анализин жүргүзүү;
- Жергиликтүү актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- Укуктук суроолор боюнча консультация, анын келишим укук, эмгек укугу, жер казынасы жөнүндө мыйзамдар ж.б.бар;
- Компаниянын ишмердиги боюнча юридикалык корутундуларды, отчетторду, меморандумдарды даярдоо;
- Зарыл болгондо сот жана мамлекеттик органдарда компаниянын таламдарын коргоо;
- Жетекчинин башка тапшырмаларын аткаруу.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Жогорку юридикалык билим (күндүзгү формасында окуу);
- профили боюнча 5 (беш) жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (тоо-кен тармагында артыкчылык);
- Жарандык, эмгек, экономикалык, административдик талаш-тартыштар боюнча сот органдарында жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш тажрыйбасы;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын мыкты билүү;
- Билимдери жана көндүмдөрү.
– претензиялык иштер;
– локалдык актыларды иштеп чыгуу;
– контрагенттердин, мамлекеттик органдардын катышуусу менен укуктук маселелерди чечүү;
– ченемдик укуктук документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
– 5 жылдан кем эмес келишимдик, претензиялык иштер менен 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
-маалыматтык-укуктук, компьютердик жана издөө системалары менен иштөө.
- Кыргыз Республикасынын корпоративдик, жарандык, эмгек, административдик, процесстик, жер жана экологиялык мыйзамдарын билүү;
- Кыргыз жана орус тилдерин мыкты билүү (англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет);
- Жоопкерчиликтүү, коммуникабелдүү, стресске туруктуу, командада жана өз алдынча иштей билүү;
- Тоо-кен компанияларында иш тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 18-декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-267.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.