КУМТӨРДӨ “МЕН ТАМЕКИДЕН БАШ ТАРТТЫМ!” ДОЛБООРУ СТАРТ АЛДЫ

КУМТӨРДӨ “МЕН ТАМЕКИДЕН БАШ ТАРТТЫМ!” ДОЛБООРУ СТАРТ АЛДЫ

Жарыяланган: 30 May 2024

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому «Мен тамекиден баш тарттым!» долбоорун баштады.

Долбоор 2024-жылдын 31-майында, “Бүткүл дүйнөлүк тамеки чегүүгө каршы күнү” башталып, 2030-жылга чейин компаниянын бардык объектилерин тамеки тартылбаган таза аймакка айландыруу максатын көздөйт.

Долбоорго катышуу үчүн «Кумтөр Голд Компанинин» кызматкерлери үч адамдан турган команда түзүп, каттоодон өтүшү керек. Долбоордун жүрүшүндө команда мүчөлөрү толугу менен тамеки чегүүдөн баш тартуу зарыл.

Тамекини биротоло таштагысы келген кызматкерлерге долбоордун ар бир этабында медициналык, профессионалдык колдоо көрсөтүлүп турмакчы. Компаниянын медициналык адистери ар бир катышуучу үчүн жеке программа иштеп чыгууга да даяр. Долбоордун жеңүүчүлөрү баалуу байгелер менен сыйланат!

Тамеки – бул чеккен адамдын эле эмес, башкалардын да ден соолугуна залакасын тийгизген олуттуу көйгөй экенин эске алып, “Кумтөр Голд Компани” “Бүткүл дүйнөлүк чылым чегүүгө каршы күнү” бардык адамдарды бул жаман адаттан баш тартууга чакырат.