КУМТӨРДӨ КЫЗЫЛ КИТЕПКЕ КИРГЕН АК ЛОТОСТУН ГҮЛ АЧКАНЫ, АК КУУЛАРДЫН КАЙТЫП КЕЛИШИ – ЖАКШЫЛЫКТЫН ЖЫШААНЫ!

КУМТӨРДӨ КЫЗЫЛ КИТЕПКЕ КИРГЕН АК ЛОТОСТУН ГҮЛ АЧКАНЫ, АК КУУЛАРДЫН КАЙТЫП КЕЛИШИ – ЖАКШЫЛЫКТЫН ЖЫШААНЫ!

Жарыяланган: 19 August 2024

Табият менен таттуу мамиледе болуу “Кумтөр Голд Компанинин” эң башкы экологиялык принциптеринин бири. Ошондуктан, Кумтөр кен жайындагы өндүрүш эл аралык экологиялык талаптарды так сактоо менен жүргүзүлөт. Мындай мамилеге жаратылыш дагы өз жообун берип, ажайып көрүнүштөрү менен көпчүлүккө зор кубаныч тартуулоодо.

Жакында эле Кумтөр кен жайынын жумушчулар лагеринин айланасында бийик тоолуу аймактарда өскөн, Кыргызстандын Кызыл китебине кирген сейрек кездешүүчү жана укмуштуудай кооз  — ак лотос (латынча: Saussurea involucrata, орусча: снежный лотос) гүлүн ачты.

Ак лотос же соссюрея деп аталган бул гүл — деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте, аска-зоолордо өсүүчү бийик тоолуу өсүмдүк болуп саналат. Бул сейрек кездешүүчү гүлдүн өсүү аймагы чектелүү болгондуктан жапайы жаратылышта табуу кыйын.

Азия элдеринин ыйык символдорунун бири болгон лотос гүлү – жаңылануунун, жакшылыктын символу катары каралып, өзгөчө аздектелип келет.

Дагы бир жакшылыктын жышааны катары, Кумтөр кен жайында жайгашкан көлмөлөрдүн бирине Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү ак кууларынын кайтып келишин айтсак болот. Ушул жылдын жаз айларында учуп келген бул канаттууларга тоскоолдук жаратпоо үчүн Кумтөрдүн экологдору ак куулар байырлаган көлмөнүн айланасын курчоого алып, унаалардын өтүшүнө чектөө коюшкан.

Кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдүн жана канаттуулардын Кумтөр кен жайында кайрадан пайда болушу – бул жактагы алтын өндүрүү ишинде экологиялык талаптар жогорку деңгээлде сакталып, өндүрүштүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин болушунча минималдаштырууга жасалган аракеттер оң натыйжа берип жаткандыгынын далили десек болот.

Кумтөрдөгү бул жагымдуу көрүнүштөр интернет желесинде да кызуу талкууга алынып, жакшылыкка жооруп жатышат.

Алсак, Аида Надырбекова аттуу Фейсбук колдонуучу: “Бара-бара бул аймак көп түрдүү өсүмдүктөр менен жаныбарлар байырлаган кызыктуу корукка айланат болуш керек. Экологиялык ченемдерди сактоо менен Кызыл китепке кирген жаныбарлар менен өсүмдүктөр, канаттуулардын түрү көбөйсө дүйнө элин өзүнө чакырган кызыктуу туристтик жайга айланат деп ойлойм”- деген пикирин калтырган.

Садырбек Калдарбаев аттуу жаран: “Кумтөр кенинде илгеркидей эмес, экологияга аяр мамиле жасап калышты. Өз деген өз. Канадалыктарга биздин экология кереги да жок болчу. Эми кыргызга кыргыз күйөт деген чын. Мына минтип өзгөчө гүлдөр өсүп жатат”-деген.

Ал эми, Нуржанат Камбарова: “Кумтөр компаниясы экологияга аяр мамиле жасап, бардык талаптарды сактап жатат. Ошондуктан лотос гүлдөп, сейрек кездешүүчү канаттуулар байырлап жатат”-десе, журналист  Сайрагүл Дуулатова: “Сонун! Кумтөрдүн айланасында баардык жакшылыктар боло берсин! Ак куулар, маралдар, сейрек кездешүүчү гүлдүн чыкканы да экологиянын тазалыгынан десе болот”-деген пикири менен бөлүшкөн.