Жарыяланган: 17 April 2025
ТАБЫШТАМАНЫ ТАПШЫРУУГА ЭҢ АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ:: 2025-жылдын 25-апрели, саат 15:00 чейин.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) Сиздерди (Катышуучуларды) төмөнкү кызматтарды көрсөтүү үчүн потенциалдуу подряддык ишканаларды ачык тандоого катышууга чакырат:
Кумтөр кенинин жер астындагы запастарын иштетүү үчүн үч өлчөмдүү долбоорлоо, пландаштыруу, оптималдаштыруу максатында Программалык Камсыздоо сатып алуу
Тиркелген документтер, тиркемелер жана баа сунуштары менен сунуштамалар коммерциялык сунуштарга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга толук укугу бар адам (адамдар) кол коюуга, мөөр коюуга, тапшырылган документтер PDF форматында болууга тийиш.
Кол коючунун документтерге кол коюуга ыйгарым укугу ишеним кат же анын ыйгарым укугун тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен тастыкталышы керек.
Сынактык сунуштамаларды берүү тартиби
Тандоо сынагына катышууну каалаган потенциалдуу катышуучулар №1 Тиркемеге (Техникалык Тапшырма) ылайык коммерциялык сунуш киргизип, документтердин керектүү көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук почта аркылуу жөнөтүүгө милдеттүү.
Жеткирүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн катышуучулар сунуштарын электрондук почта аркылуу 2 (эки) өзүнчө электрондук кат аркылуу беришет.
Сунуштардын техникалык (квалификациялык) жана финансылык бөлүктөрү өзүнчө файлдар түрүндө төмөнкү тартипте берилиши керек:
Техникалык (квалификациялык) баалоо үчүн кат төмөнкүлөрдү камтышы керек жана төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: Deswik2025@kumtor.kg
Биринчи топтом үчүн керектүү документтер:
Катышуучу ошондой эле, Буйрутмачынын талабына ылайык толтурууга же даярдоого милдеттүү болгон башка документтерди берүүгө милдеттүү. Бул документтерди тандоо учурунда да, андан кийин да жеңүүчү менен иштөөнүн алкагында талап кылынышы мүмкүн.
Экинчи топтом “Коммерциялык сунуш” электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек: Deswik2025@kumtor.kg 2025-жылдын 25 апрели, саат 15:00
Экинчи топтом үчүн керектүү документтер:
Буйрутмачы, тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим берилгенге чейин каалаган учурда ар кандай сунушту кабыл алууга же четке кагууга, жана ачык тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу.
Тандоо катышуучусу тарабынан көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына бардык чыгашаларды, анын ичинде салыктарды, алымдарды, жыйымдарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу башка төлөмдөрдү, ошондой эле кызмат көрсөтүү мөөнөтүн эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн Келишимде көрсөтүлгөн башка чыгымдар кирет.
Баалоо критерийлери: жеңүүчү сунуш квалификациялык талаптарга, техникалык талаптарга жооп берген жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эң төмөнкү баасы болот.
Тандоо катышуучулары тарабынан биринчи жана экинчи топтомдордун көрсөтүлгөн мөөнөттөрүнөн кийин тапшырылган өтүнмөлөр жана/же коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өзүнүн сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул болот.
Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана сунуш бере алат.
Сынактык сунуштарды берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Бул тандоо сынагына байланыштуу бардык суроолор “үч өлчөмдүү долбоорлоо, пландаштыруу, резервдик моделдерди оптималдаштыруу максатында программалык камсыздоону жазып Altynai.keldikeeva@kumtor.kg дареги боюнча электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек.
Документти көчүрүп алыңыз: