«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИНИН» ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ КОМПАНИЯНЫН МЕТАЛЛУРГДАРЫН МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИНИН» ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ КОМПАНИЯНЫН МЕТАЛЛУРГДАРЫН МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Жарыяланган: 21 July 2024

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов металлургдарды кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын металлургдар күнү менен куттуктады!

“Урматтуу кесиптештер, Сиздерди “Кумтөр Голд Компанинин” жетекчилигинин атынан кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Металлургдар күнү менен куттуктайм!

Бул майрамдын биздин компания үчүн мааниси абдан чоң. Анткени, Кыргызстандагы эң ири алтын өндүрүүчү ишкана болгон “Кумтөр Голд Компаниде” металлургия тармагынын көптөгөн дасыккан адистери эмгектенет. Руданы казып алуудан тартып, андан алтын өндүргөнгө чейинки жол – эмгекти көп талап кылган, технологиялык жактан татаал процесс.

Биздин металлургдар коюлган бардык тапшырмаларды, жүктөлгөн милдеттерди жогорку чеберчилик менен аткарып, өлкөбүздүн өнүгүп-өсүүсүнө татыктуу салым кошуп келишет. Бул эмгегиңерди дайыма  жогору баалайбыз.

Кесиптик майрамыңыздарда ар бириңиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо жана коопсуз эмгек каалаймын!”