“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Туруктуу Өнүктүрүү бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.
Жарыяланган: 01 August 2023
Талаптар:
- Экономика, юриспруденция, социология, эл аралык өнүгүү жаатындагы жогорку билим жөнүндө Диплом;
- Адистиги боюнча иш тажрыйбасы же практикадан өтүү артыкчылык болот;
- Компьютердик жана Microsoft Office программага өркүндөтүлгөн көндүмдөргө ээ болуу;
- Оозеки жана жазуу жүзүндө баарлашуу, анын ичинде кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөө көндүмдөргө ээ болуу;
- Ишти пландаштыруу жана уюштуруу боюнча күчтүү көндүмдөр, жумушту кыска мөөнөттө аткаруу мүмкүнчүлүгү болушу керек.
Милдеттер:
- Бөлүмдүн келип түшкөн жана чыккан кат-кабарларын эсепке алуу;
- Жооп каттардын долбоорун даярдоо;
- Иш-чараларды өткөргөнгө жардам берүү;
- КГКнын Массалык маалымат кызматы үчүн керектүү маалыматтарды даярдоо;
- Оозеки документтер боюнча маалымат чогултуу;
- MS Teams программасында документтердин эсебин киргизүү.
- Келишимдерди түзүүгө жардам берүү.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын мөөнөтү-2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
- Жумуш графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2023-жылдын 14-августу саат 17.00дөн кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.