“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Балыкчы өткөөл базасы – БӨБ бөлүмүндө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.
Жарыяланган: 03 August 2023
ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
Талаптар:
- Жогорку техникалык жана экономикалык билим (data analytics чөйрөсүндөгү сетификаттын болушу артыкчылык болуп эсептелет);
- Чет тилдерди (англис, түрк ж.у.с.) билүү артыкчылык болуп эсептелет;
- Жабдуу процесстерин, кампа эсептеринин логистикасын жана өндүрүштү пландаштырууну билүү;
- MS Excel жана статистикалык маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча башка программаларды профессионалдык деңээлде билүү;
- Жогорку аналитикалык көндүмдөрүнүн болуусу;
- Чоң көлөмдөгү маалыматтар менен иштөөнү билүү;
- Көп тапшырмалар менен тез иштей билүү;
- Мыкты командалык жана коммуникация көндүмдөрү;
- Системалык анализди жана өндүрүш процесстерин талдоо ыкмаларын билүү;
- Заманбап маалыматтар базасын башкаруу системаларын билүү;
- Windows тажрыйбалуу колдонуучунун деңгээлинде билүү;
- Маалымат чогултуу жана аларды иштеп чыгуу көндүмдөрү.
Милдеттер:
- Өзүнүн жетекчисинин буйруктарын жана тапшырмаларын аткаруу;
- Өндүрүш процесстерин оптималдаштыруу үчүн маалыматтарды издөөгө, чогултууга, топтоого, иштеп чыгууга жана талдоого көмөктөшүү;
- БӨБдүн түзүмдүк бөлүмдөрүндө отчетторду автоматташтырууга катышуу;
- Күнүмдүк жана айлык отчетторду түзүүгө катышуу;
- Жетекчиликке отчет берүү үчүн презентацияларды даярдоо.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын мөөнөтү-2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Балыкчы
- Жумуш графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2023-жылдын 17-августу саат 16.00дөн кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.