Жарыяланган: 08 December 2024
Урматтуу радио жана телевидение кызматкерлери, Сиздерди 8-декабрь Кыргыз Республикасынын радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз!
Сиздер жалпы элге маанилүү маалыматтарды жеткирүү менен гана чектелбестен, миллиондогон адамдардын көңүлүн ачкан, жакшылыкка шыктандырган, руханий азык берген абдан зор милдетти аркалап келесиңер. Теле жана радиодо иштөө – жалпы коомдун жүзү катары абдан зор жоопкерчиликти, талыкпаган эмгекти, зор талантты талап кылат. Ар бириңиздерге кесипкөйлүгүңүздөр үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Ушул күнү сиздерге чын ден соолук, бакубат турмуш жана чыгармачылык мыкты эргүүлөрдү каалайбыз. Жакшылыктын жарчысы болуп, көрөрмандар менен угармандарыңардын алкоосуна арзып, мактоосуна татып жүрө бериңиздер!