ВИДЕО — КУМТӨР КЕН ЖАЙЫНДА МЕТАЛЛУРГДАРДЫН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

ВИДЕО — КУМТӨР КЕН ЖАЙЫНДА МЕТАЛЛУРГДАРДЫН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Жарыяланган: 23 July 2024

Кыргызстандын эң ири алтын кен ишканасында бул күн жыл сайын жогорку деңгээлде майрамдалып келет. Бул жолу дагы “Кумтөр Голд Компанинин” жетекчиси Алмазбек Барыктабасов баардык кызматкерлерге терең ыраазычылыгын билдирип, өз ишин кынтыксыз аткарган тоо-кенчилерге Ардак грамота, Ыраазычылык каттарды тапшырды. 

“Ар бир кесип ардактуу эмеспи, бирок металлургдардын кесиби өзгөчө ардактоого татыктуу. Анткени силер жасап жаткан жумуш ар кимдин эле колунан келе бербейт. Металлург – бул абдан түйшүктүү, ошол эле учурда өтө жоопкерчиликтүү кесип. Металлург – бул жогорку кесипкөйлүктү, чыдамкайлыкты, бекем эркти талап кылган кесип. Ошого карабай, жүктөлгөн баардык милдеттерди жогорку жоопкерчилик менен аткарып жаткан эмгегиңер үчүн Сиздерге терең ыраазычылык билдирем” -деди компания башчысы. 

Металлургдар күнүнүн урматына концерттик программа уюштурулуп, кызматкерлерге майрамдык маанай тартууланды.