Жарыяланган: 07 November 2024
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому жалпыга маалымдоо каражат кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт!
«Урматтуу журналисттер,
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайбыз!
Заманбап журналистика – бул оперативдүү жана ишенимдүү маалыматтын журналистикасы, мында мүнөттөр, кээде секундалар да баарын чечет! Ар бир журналист биринчи болууга умтулат, ар бир басылма өзүнүн угарманы, көрүүчүсү же окурманы үчүн күрөшөт. Атаандаштык чөйрө кесипкөйлүктүн өсүшүнө, чыгармачылыкты өркүндөтүүгө жана бүтүндөй медиа рыногун өнүктүрүүгө шарттарды түзөт.
«Кумтөр Голд Компанинин» эшиги ЖМК өкүлдөрү үчүн ар дайым ачык! Ар бир журналисттин пикири бизге абдан маанилүү жана кайсы басылма менен болбосун ар дайым тең укуктуу, конструктивдүү диалогго умтулабыз.
Журналисттик кесип абдан жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү экенин эске алуу менен ар бириңиздерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат жана бакубатчылыкты каалайбыз.
Кызыктуу, мазмундуу макала, репортаж, маалыматтарыңар менен жалпы элдин жарпын жазып, чыгармачылык зор ийгиликтерге жетише бериңиздер!
Майрамыңыздар кут болсун!»