Жарыяланган: 14 March 2025
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жетекчилиги техникалык паркты жаңыртууга өзгөчө көңүл бурууда. 2025-жылы компания DR460 сериясындагы эски бургулоочу жабдыктардын ордуна, DR410i сериясындагы эки жаңы жабдыкты сатып алды.
Мында буга чейин кен жайда колдонулуп келген «Sandvik Mining and Rock Technology» компаниясынын бургулоочу жабдыктарынын эксплуатациялоодогу тажрыйбасы, иш жүзүндө далилденген абсолюттук артыкчылыктары эске алынган.
Бул жабдыктар башка өндүрүүчүлөрдүкүнөн ишенимдүүлүгү, бышыктыгы жана төмөнкү эксплуатациялык чыгымдары менен айырмаланат.
Скважиналарды бургулоо циклин автоматташтырган борттук элементтери орнотулган Sandvik DR410i жабдыгынын бул модели бургулоо процессин алда канча жеңилдетип, бургулоо учурунда бир эле мезгилде маалыматтарды чогултууга жана аларды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Ал эми узартылган мамыларынын аркасында, Sandvik DR410i бир көзөгөндө 14 метрге чейинки тереңдикти бургулап, убакытты үнөмдөө менен бирге, тетиктердин эскиришин жайлатат жана адамдык фактордун тобокелдиктерин алдын алат.