КУМТӨР “АКЧАБАР” КАРЖЫ ПОРТАЛЫН 10 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

КУМТӨР “АКЧАБАР” КАРЖЫ ПОРТАЛЫН 10 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Жарыяланган: 28 August 2024

Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маанилүү экономикалык жаңылыктарды окурман журтуна жарыялап келген “Акчабар” каржы порталынын түптөлгөнүнө 10 жыл болду. Аталган маалымат булагы менен тыгыз кызматташып келе жаткан “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому дагы бул маанилүү дата менен куттуктады.

Компаниянын вице-президенти Улукмырза Абакиров “Кумтөр Голд Компанинин” атынан “Акчабардын” ишине зор ийгиликтерди каалап: “Бул маараке Силердин кесипкөйлүгүңөрдү, сапатка болгон умтулууңарды көрсөткөн маанилүү күн. «Акчабар» каржы порталы көптөгөн уюмдар, ишканалар үчүн негизги маалымат булагы жана ишенимдүү өнөктөшү болуп калды. Актуалдуу жана ишенимдүү жаңылыктарды жарыялоо менен ачык-айкын каржы мейкиндигин түзүүгө болгон аракетиңерди баса белгилеп, ыраазычылыгыбызды билдиребиз.”- деди.