КРЕДИТОРДУК КАРЫЗ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 20 December 2023
ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Кредитордук карыз бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Жогорку экономикалык билим (2019-жылдан 2023-жылга чейин жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнөн билдирүүлөр кабыл алынат);
- MS Office (Excel, Word, Access, PowerPoint) программасын жогорку деңгээлде билүү.
- Компьютердин ишенимдүү колдонуучусу;
- Жеке сапаттары: коммуникабелдүүлүк, жоопкерчилик, командада иштей билүү.
Милдеттери:
- Манас системасына эсеп-фактураларды иштеп чыгууга жана киргизүүгө жардам берүү;
- Онлайн банкинг аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүгө көмөктөшүү;
- Базага жаңы жеткирүүчүлөрдү киргизүү;
- Аванстык төлөмдөрдү жабууга жардам көрсөтүү;
- Салыштыруу актысын жеткирүүчүлөрдөн суроо.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
- Жумуш графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2024-жылдын 3 – январында саат 16.00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.