КГК ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ “BOSTON CONSULTING GROUP” КОМПАНИЯСЫНЫН ДИРЕКТОРУ АНДРЕЙ НОВИЦКИЙ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

КГК ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ “BOSTON CONSULTING GROUP” КОМПАНИЯСЫНЫН ДИРЕКТОРУ АНДРЕЙ НОВИЦКИЙ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Жарыяланган: 19 June 2024

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов “MINEX Central Asia 2024” X тоо-кен – геологиялык форумунун алкагында “Boston Consulting Group” компаниясынын башкаруучу директору Андрей Новицкий менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Алмазбек Барыктабасов санариптик чечимдерди ишке киргизүү жана адаптациялоо, кампалардын запастарына мониторинг жүргүзүү, операциялык ишмердүүлүктү жана өндүрүштү жогорулатуу сыяктуу багыттарда кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

«Ар бир өндүрүш уникалдуу жана өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Учурда деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте жайгашкан Кумтөр кен жайында алтынды жер алдынан казып алуу долбоорун ишке ашыра баштадык. Бул биз үчүн маанилүү долбоор, аны биз бардык эл аралык экологиялык стандарттарды сактоо менен ишке ашырууну көздөп жатабыз», – деди «Кумтөр Голд Компанинин» президенти.

Өз кезегинде Андрей Новицкий алтын казуу сыяктуу татаал тармактарда акыркы инновациялык жана технологиялык чечимдерди колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Биздин компания тоо-кен, геологиялык жана тоо-кен тармагында комплекстүү консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча чоң тажрыйбага ээ. Биз өндүрүш көрсөткүчтөрүн жакшыртуу, чыгымдарды оптималдаштыруу жана жасалма интеллекттин элементтерин киргизүү багытында кызматташууга кызыкдарбыз», – деди ”Boston Consulting Group” компаниясынын өкүлү.