ИЗ КАГАЗДАРЫН ЖҮГҮРТҮҮ КЫЗМАТ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 17 August 2023
ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Из кагаздарын жүгүртүү кызмат бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу багытында жогорку билими;
- Иш стажы артыкчылык болот;
- Жоопкерчиликтүү, тартиптүү жана пунктуалдуу;
- Документтер менен иштөө көндөмдөрү;
- Иш кагаздарын жүгүртүү жана архив ишинин негиздерин билүү;
- Жеке компьютердин ишенимдүү колдонуучусу, MS Office программасын билүү;
- Кыргыз жана орус тилдерин билүү.
Милдеттери:
- Окууга абийирдүү мамиле кылуу;
- Коопсуздук техникасын сактоо;
- Купуя маалыматты жайылтпоо;
- Компаниянын иш кагаздарын жүргүзүүдө документтерди иштеп чыгууга жардам көрсөтүү
- Иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн адистеринин жетекчилиги астында көктөмөлөрдү түзүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- Документтерди архивдөөгө жана компаниянын архивине тапшырууга даярдоого көмөк көрсөтүү;
- Кат-кабарларды курьердик кызматтар аркылуу тариздөө;
- Иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн иш-чараларына катышуу;
- КГКнын белгиленген нормаларын жана эрежелерин сактоо;
- Жетекчинин башка тапшырмаларын аткарууга
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек шаарыдагы кеңсе
- Жумуш графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2023-жылдын 31-августу саат 17.00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
ТЕСТИРЛӨӨГӨ ЖАНА МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭӉ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.