ИРАКТА ӨТКӨН СЫНАКТА КЫРГЫЗСТАНДЫК АШПОЗЧУЛАР МЫКТЫ ЖЫЙЫНТЫК КӨРСӨТҮШТҮ

ИРАКТА ӨТКӨН СЫНАКТА КЫРГЫЗСТАНДЫК АШПОЗЧУЛАР МЫКТЫ ЖЫЙЫНТЫК КӨРСӨТҮШТҮ

Жарыяланган: 04 October 2024

«Кумтөр Голд Компанинин» коомдук тамактануу кызматынын ашпозчулары Ирак Республикасынын Сулаймания шаарында өткөн кулинардык мелдеште бардык катышуучулар арасында эң мыкты командалык жыйынтыкты көрсөтүп, 4 алтын жана 1 коло медалга ээ болушту.

Белгилей кетсек, биздин компаниянын ашпозчулары мындай эл аралык кулинардык сынактарга биринчи жолу катышып жаткан жок.

Алсак, былтыр Түркияда жыл сайын өтүүчү «Гастро Анталия» эл аралык гастрономиялык фестивалында Кумтөрдүн ашпозчулары Кыргыз Республикасынын курама командасынын негизги өзөгүн түзүп, жалпысынан 10 медаль, анын ичинде 6 алтын медаль утуп алышкан.

Мындан тышкары, эки жыл мурун биздин ишкананын коомдук тамактануу кызматынын 5 ашпозчусу Ливан Республикасынын борбору Бейрутта өткөн Биринчи финикиялык туризм жана меймандостук фестивалында да зор ийгиликтерди жаратышкан.