ИНЖЕНЕРДИК-ГЕОЛОГИЯЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 08 January 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 22.01.2025, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Инженердик-геологиялык бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- «Маркшейдер», «Тоо-кен иштерин ачык ыкма менен иштетүү», «Тоо-кен иштеринин физикалык процесстери», «Кен байлыктарды жер астында иштетүү», «Гидрогеология», «Кен байлыктардын геологиясы» адистиги боюнча жогорку билим (2019-жылдан 2024-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз);
- Компьютерди ишенимдүү колдоно билүү, MS Office жана AutoCAD программаларын билүү;
- Англис тилин билүү артыкчылык болот;
- Жаңы нерселерди үйрөнүүгө демилге жана каалоо;
- Натыйжалуулук, тартип жана стресске туруктуулук;
- Тактык, командада иштей билүү;
- Бийик тоолуу кенде иштөөгө жакшы физикалык формада жана медициналык жактан ылайыктуу болуу.
Милдеттери:
- Геодезиялык аспаптарды, инструменттерди жана аларды колдонууну өздөштүрүү жана үйрөнүү;
- Коопсуз маркшейдердик съемкаларды жүргүзүү жана геодезиялык аспаптарды колдонуу менен картага түшүрүү;
- Карьердин бортторуна байкоочу пункттарды орнотуу жана съемка жүргүзүү, пьезометрлерди, термисторлорду, инклинометрлерди орнотуу боюнча нускамаларга ылайык иштерди коопсуз аткаруу;
- Жардыргыч заттар жөнүндөгү жалпы түшүнүктөр менен таанышуу.
- Кендин геологдорунун жана гидрогеологдорунун иштери менен таанышуу;
- Инфраструктура объектилеринин схемалык чиймелери, долбоордук инженерлердин иштери менен таанышуу;
- Документтер менен иштөө.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
- Такшалма графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- 2025-жылдын 22-январь, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.