ИНЖЕНЕРДИК-ГЕОЛОГИЯЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 19 September 2023
ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында инженердик-геологиялык бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- “Маркшейдердик иш”, “Ачык тоо-кен иштери”, “Пайдалуу казындылардын кендерин жер алдында иштетүү”, “Тоо-кен өндүрүшүнүн физикалык процесстери”, “Пайдалуу жер казыналардын геологиясы”, “Гидрогеология”, “Өнөр жай жана жарандык курулуш” багыттарынын бири боюнча жогорку билим;
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
- Жеке компьютердин ишенимдүү колдонуучусу, MS Office жана AutoCAD программасын билүү;
- Алган билимине ылайык кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүгө умтулуу;
- Жеке инсандык сапаттары: эмгекчилдик, аткаруучулук, командада иштөө жөндөмдүүлүгү;
- Белгиленген график боюнча такшалма өтүүгө даяр болуу.
Милдеттери:
- Геодезиялык жабдууларды, аспаптарды жана алардын колдонулушун өздөштүрүү жана изилдөө;
- Маркшейдер тартууларын коопсуз жүргүзүүгө жана геодезиялык шаймандарды колдонуу менен алып чыгууга көмөктөшүү;
- Карьердин бортундагы мониторинг чекиттерин орнотуу жана сүрөткө тартуу, пьезометрлерди, термисторлорду, инклинометрлерди орнотуу жана тартуу боюнча нускамаларга ылайык, ишти коопсуз аткарууга көмөктөшүү;;
- Жардыруу ишинин жалпы түшүнүктөрү менен таанышуу;
- Кен ишканасынын геологдорунун иштери менен таанышуу;
- Кен ишканасынын гидрогеологдорунун иштери менен таанышуу;
- Инженерлердин долбоорлору, инфраструктуралык объекттердин схемалык чиймелери боюнча иштери менен таанышуу.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн: 2023-жылдын 3-октябры саат 17.00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.