ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 18 February 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Долбоордук бөлүмүндө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Талаптар:

  • Жогорку билимге ээ болуу (ЖОЖду 2021-жылы бүтүрүү)
  • Компьютерде жана MS Office программасында иштей билүү;
  • Натыйжалуу байланыш түзүүгө (коммуникация) жөндөмдүү болуу;
  • Иш сапарларга мүмкүн болушунча даяр болуу;
  • Кыргыз, орус жана англис тилдерин мыкты билүү;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык, тартиптүүлүк жана стресске туруктуулук;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
  • Бизнес жана расмий кат алмашууларды жүргүзө билүү;

Милдеттер:

  • Долбоорду ишке ашыруу графигин түзүү;
  • Долбоорду ишке ашыруу планын түзүү;
  • Бөлүмдүн отчетторун түзүү;

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү-2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек шаары
  • Жумуш графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн: 

Төмөндөгү шилтемеге өтүп, анкетаны толтурууга жана керектүү докуметтерди тиркөөго болот. Анкетаны толтуруу, 2022 жылдын 9 март, саат 17.00гө чейин мүмкүн.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.