ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
Жарыяланган: 18 February 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында АЫФтын өндүрүштүк бөлүмүндө (АЫФ ӨБ) эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.
Талаптар:
- “Инженер-металлург“, “байытуучу“, “тоо-кен инженери” багыттарынын биринде жогорку билимге ээ более (ЖОЖду 2021-жылы бүтүрүү);
- Компьютерде иштей билүү жана MS Office программасын билүү;
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
- Өндүрүштүк тапшырмалардын өз убагында, толук жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо;
- Жалпы коопсуздук техника эрежелерин сактоо;
- Фабриканын өндүрүштүк процессинде колдонулган ар бир реагенттин максатын аныктоо;
- “Жумуш ордунда колдонулган материалдардын кооптуулугу жөнүндө маалымат системасын” (W.H.M.I.S.) билүү;
- Фабриканын жана лабораториянын технологиялык процессинде колдонулган материалдардын жана реагенттердин бардык түрлөрү туудурушу мүмкүн коркунучтарды билүү, жана материалдар жана реагенттер менен коопсуз иштөө боюнча бардык нускамалардын аткарылышын көзөмөлдөө;
- Өзүнүн түздөн-түз жетекчисине жумуштун жүрүшү, аныкталган бузулуулар, окуялар, ишке ашпаган окуялар ж.б. жөнүндө өз убагында маалымат берүү.
- Компания тарабынан каралган окууларды өтүү;
- КГКнын ченемдерин жана эрежелерин сактоо;
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү-2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
Төмөндөгү шилтемеге өтүп, анкетаны толтурууга жана керектүү докуметтерди тиркөөго болот. Анкетаны толтуруу, 2022 жылдын 9 март, саат 17.00гө чейин мүмкүн.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.