ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
Жарыяланган: 01 March 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Маалымат технологиялар бөлүмүндө такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.
Талаптар:
- “Маалымат технологиялар” багыты боюнча жогорку билим (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү);
- Программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча ГОСТторду билүү, программалоо тилдерин жана фреймворкторду, SOA принциптерин билүү;
- Натыйжалуу байланыш түзүүгө (коммуникация) жөндөмдүү болуу;
- Тилдерди билүү артыкчылыкка ээ болот;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык, тартиптүүлүк жана стресске туруктуулук;
- Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
Милдеттер:
- Учурдагы маалымат системаларын изилдөө
- Долбоордун ичиндеги колдонмолорду интеграциялоо тапшырмалары
- Front End (React, Angular); Back End (Java, Node.js) программалык камсыздоолорун иштеп чыгуучулар;
- Интеграцияны иштеп чыгуучулар (Java Spring Boot, Golang);
- Отчеттуулук жана аналитиканы иштеп чыгуучулар (MS Power BI);
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 6 ай
- Такшалма өтүү жери – Бишкек
- Жумуш графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2022-жыл 14-март саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.