ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 18 February 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында АЫФтын стратегиялык өнүгүү жана пландоо бөлүмүндө такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Талаптар:

  • Төмөнкү багыт боюнча жогорку билим (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү): Инженер-механик;
  • Компьютерде иштей билүү жана MS Office, MS Project, AutoCad программасын билүү;
  • Англис тилин мыкты билүү;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
  • АЫФтын запастык бөлүктөрү боюнча жазууларды жүргүзүү;
  • Запастык бөлүктөрдүн бар болуусун текшерүү, комплектөөчү жана запастык бөлүктөрүн жеткирип берүү көйгөйлөрүн божомолдоо жана бул жөнүндө жетекчиликке билдирүү;
  • Бөлүмдүн жетекчилиги менен макулдашып, запастык бөлүктөргө буюртма берүүгө көмөктөшүү;
  • Бардык жабдууларды диагноздоо боюнча жазууларды жүргүзүү;
  • Жабдууларды диагностикалоо жана мониторингинин жыйынтыктары жөнүндө жетекчиликке билдирүү.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү-2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • Төмөндөгү шилтемеге өтүп, анкетаны толтурууга жана керектүү докуметтерди тиркөөго болот. Анкетаны толтуруу, 2022 жылдын 9 март, саат 17.00гө чейин мүмкүн.

 

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.