ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 22 April 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Маалымат технологиялары бөлүмүндө алты айлык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Талаптар:

  • “Маалымат технологиялар” , “Программалык камсыздоону иштеп чыгуу” , “Колдонмо математика жана информатика” багыттары боюнча жогорку билим (2016-жылдан 2021-жылга чейинки ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнөн  арыздар кабыл  алынат);
  • Адистиги боюнча иш тажрыйбасы болуусу же практика өтүүсү артыкчылыкка ээ болот;
  • Программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча ГОСТторду билүү, программалоо тилдерин жана фреймворкторду, SOA принциптерин билүү; 

Милдеттер: 

  • Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
  • Учурдагы маалыматтык системаларды, долбоорлордун алкагында тиркемелерди интеграциялоо тапшырмаларын үйрөнүү.
  • Отчеттуулук жана аналитиканы иштеп чыгуучулар (MS Power BI);
  • IT бөлүмдүн кызматкерлерине техникалык жардам берүү.
  • Программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар: Front End (React, Angular);
  • Back End (Java, Node.js,);
  • Интеграцияны иштеп чыгуучулар (Java Spring Boot, Golang).

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 6 ай
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек
  • Жумуш графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.