ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
Жарыяланган: 21 April 2021
Жабык
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн ОКУТУУ ЖАНА ПЕРСОНАЛДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.
Талаптар:
- «Юриспруденция», «Экономика», «Бизнести башкаруу», «Маалымат технологиялары» адистиктери боюнча жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү);
- Компьютер жана MS Office, Google Docs, Zoom программаларында иштей билүү;
- Англис тилин жакшы билүү;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Тыкандык, команда менен иштей алуу;
- Медициналык жактан чың ден-соолукта болуу.
Милдеттер:
- Окутуу боюнча билдирмелерди иштеп чыгуу жана окутуу расписаниесин түзүү;
- Ар кандай окутууларга кɵмɵктɵшүү;
- Окутуу боюнча маалымат базалары менен иштɵɵ;
- Документация менен иштɵɵ жана иш кагаздарын жүргүзүү.
- Окутуу процессине техникалык, административдик жана уюмдук жардам кɵрсɵтүү.
Жумуш шарттары:
- Акы тɵлɵнүүчү такшалма
- Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
- Такшалма ɵтүү жайы – Бишкек
- Такшалма графиги – 5/2
Конкурска катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
- Толтурулган анкетаны жана бардык керектүү документтерди 2021-жылдын 16-май күнү саат 17:00 чейин HR.Kumtor@centerragold.com электрондук дарегине жөнөтүӊүз.
- Каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.
Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.