ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
Жарыяланган: 21 April 2021
Жабык
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн ИНЖЕНЕРДИК–ГЕОЛОГИЯЛЫК бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.
Талаптар:
- «Маркшейдердик иш», «Ачык тоо-кен иштери», «Жер алдындагы кендерди иштетүү», «Тоо-кен өндүрүшүнүн физикалык процесстери» адистиктери боюнча жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү);
- Компьютер жана MS Office, AutoCAD программаларында иштей билүү;
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Тыкандык, команда менен иштей алуу;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу.
Милдеттер:
- Геодезиялык аспаптарды, куралдарды үйрөнүү жана өздөштүрүү, колдонуу;
- Коопсуз маркшейдердик съемка жасоо жана геодезиялык куралдарды колдонуп картага түшүрүү;
- Так жыйынтык алуу үчүн шлам пробаларын алуу усулдарын үйрөнүү;
- Карьердин бооруна көзөмөл чекиттерин орнотуу жана алардан маалымат алуу инструкцияларына ылайык коопсуз жумуш аткаруу, пъезометрлерди, термисторлорду, инклинометрлерди орнотуу жана маалымат алуу;
- Калдыктарды жөндөө объектилерине карата талаптарды өздөштүрүү;
- Жардыруу ишинин жалпы түшүнүктөрү менен таанышуу. Тоотектердин физикалык-механикалык сапаттарынын жана жардыруу иштерининин параметрлеринин жардыруу ишинин сапатына таасири;
- Тоо-кен иштеринин планын түзүү методикасын үйрөнүү;
- Документтер менен иштөө.
Жумуш шарттары:
- Акы тɵлɵнүүчү такшалма
- Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
- Такшалма ɵтүү жайы – Кумтөр кени
- Такшалма графиги – 14/14
Конкурска катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
- Толтурулган анкетаны жана бардык керектүү документтерди 2021-жылдын 16-май күнү саат 17:00 чейин HR.Kumtor@centerragold.com электрондук дарегине жөнөтүӊүз.
- Каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.
Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.