ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
Жарыяланган: 24 July 2021
Жабык
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн АЛТЫН ЫЛГОО ФАБРИКАНЫН ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.
Талаптар:
- Инженер-механик, Химик-технолог, Инженер-химик адистиги боюнча жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү);
- Компьютер жана MS Project, AutoCAD программаларында иштегенди билүү;
- Англис тилин жакшы билүү;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Тыкандык, команда менен иштей алуу;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- Өндүрүштүк жабдууларды техникалык тейлөө боюнча бардык процесстерди жана ыкмаларды изилдөө;
- Алтын ылгоочу фабриканын өндүрүштүк жабдуулар боюнча алдын алуу текшерүүлөрдү жана инспекцияларды жүргүзүү;
- Алтын ылгоочу фабриканын жабдуулары боюнча отчеттук иштерин жана алардын ишке жарамдуулук тууралуу жумуштарды алып баруу;
- Долбоордук жумуштарга катышуу.
Жумуш шарттары:
- Акы тɵлɵнүүчү такшалма
- Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
- Такшалма ɵтүү жайы – Кумтөр кени
- Такшалма графиги – 14/14
Сынакка катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
- Толтурулган анкетаны жана бардык керектүү документтерди 2021-жылдын 6-август күнү саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүӊүз.
- Каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп белгилеп коюу керек.
Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.