ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
Жарыяланган: 21 April 2021
Жабык
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.
Талаптар:
- «Маалымат технологиялары» адистиги боюнча жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү);
- C#, .Net, HTML, CSS, Java script, React, Type Script, VB, MS SQL, Azure SQL, Power BI, Power Query тилдерин билүү;
- MS Office 365, SharePoint Online, Power Apps, Power Automate, Forms, Dynamics 365, Dataverse тиркемели менен иштɵɵ тажрыйбасы болуу;
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Тыкандык, команда менен иштей алуу;
- Медициналык жактан чың ден-соолукта болуу.
Милдеттер:
- Кагаз формаларын автоматташтыруу;
- Sharepoint үчүн иштеп чыгуу;
- Долбоорлорго кɵмɵктɵшүү.
Жумуш шарттары:
- Акы тɵлɵнүүчү такшалма
- Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
- Такшалма ɵтүү жайы – Бишкек
- Такшалма графиги – 5/2
Конкурска катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
- Толтурулган анкетаны жана бардык керектүү документтерди 2021-жылдын 16-май күнү саат 17:00 чейин HR.Kumtor@centerragold.com электрондук дарегине жөнөтүӊүз.
- Каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.
Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.