ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
Жарыяланган: 18 February 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында АЫФтын стратегиялык өнүгүү жана пландоо, жабдуулардын ишенимдүүлүгүн камсыздоо бөлүмүндө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.
Талаптар:
- “Инженер-механик” багытында жогорку билимге ээ болуу (ЖОЖду 2021-жылы бүтүрүү);
- Компьютерде иштей билүү жана MS Office, AutoCAD программаларын билүү;
- Англис тилин мыкты билүү;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
- Өндүрүштүк тапшырмалардын өз убагында, толук жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо;
- Бардык жабдууларды диагностикалоо боюнча жазууларды жүргүзүү;
- Жабдууларды диагностикалоо жана көзөмөлдөө жыйынтыктары жөнүндө жетекчиликке билдирүү.
- Өндүрүштүк жана эмгек тартибин, эмгекти коргоо жана коопсуздук техника, айлана-чөйрөнү коргоо жана жумуш ордуларында өрт коопсуздугу эрежелерин сакталышын камсыздоо;
- Өзүнүн түздөн-түз жетекчисине жумуштун жүрүшү, аныкталган бузулуулар, окуялар, ишке ашпаган окуялар ж.б. жөнүндө өз убагында маалымат берүү.
- Компания тарабынан каралган окууларды өтүү;
- КГКнын ченемдерин жана эрежелерин сактоо;
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү-2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
Төмөндөгү шилтемеге өтүп, анкетаны толтурууга жана керектүү докуметтерди тиркөөго болот. Анкетаны толтуруу, 2022 жылдын 9 март, саат 17.00гө чейин мүмкүн.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.