ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
Жарыяланган: 18 February 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Инженердик-геологиялык бөлүмүндө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.
Талаптар:
- “Маркшейдердик иш”, “Ачык тоо-кен иштери”, “Жер алдындагы кендерди иштетүү”, “Тоо-кен өндүрүшүнүн физикалык процесстери”, “Пайдалуу кен-байлыктарынын геологиясы”, “Гидрогеология”, “Өнөр жайлык жана жарандык курулуш” багыттарында жогорку билимге ээ болуу (ЖОЖду 2021-жылы бүтүрүү) ;
- Компьютерде иштей билүү жана MS Office, AutoCAD программаларын билүү;
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык, тартиптүүлүк жана стресске туруктуулук;
- Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- Геодезиялык приборлорду изилдөө, аспаптарды жана аларды колдонууну үйрөнүү жана өздөштүрүү;
- Геодезиялык аспаптарды пайдаланып коопсуз маркшейдердик съемка жасоо жана картадан чыгаруу;
- Ишенимдүү натыйжаларды алуу үчүн шлам үлгүлөрүн тандап алуу методологиясын изилдөө;
- Карьердин бооруна байкоо чекиттерин орнотуу жана съемка жүргүзүү боюнча нускамаларга ылайык жумуштарды коопсуз аткаруу, пъезометрлерди, термисторлорду, инклинометрлерди орнотуу жана съемка жүргүзүү;
- Жардыруу ишинин жалпы түшүнүктөрү менен таанышуу.
- Кендин долбоордук геологдору, гидролгеологдору жана инженерлеринин иши менен таанышуу;
- Тоо-кен иштерин жүргүзүү пландарын түзүү методикасын өздөштүрүү;
- Иш кагаздар менен иштөө:
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү-2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
Төмөндөгү шилтемеге өтүп, анкетаны толтурууга жана керектүү докуметтерди тиркөөго болот. Анкетаны толтуруу, 2022 жылдын 9 март, саат 17.00гө чейин мүмкүн.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.