ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
Жарыяланган: 22 April 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Электротехникалык бөлүмүнүн Инфратүзүмдөрдүн жана долбоорлордун техникалык тейлөө бөлүмүндө (ИД ТТ) эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.
Талаптар:
- “Электроэнергетика” багыты боюнча жогорку билим (2016-жылдан 2021-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздар кабыл алынат);
- Адистиги боюнча иш тажрыйбасы болуусу же практика өтүүсү артыкчылыкка ээ болот;
- Электр орнотмолору менен иштөөгө күбөлүктүн жана 3-группадан кем эмес уруксаттын болушу керек;
- “В” категориясындагы айдоочулук күбөлүк;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
- Өзүнө бекитилген жабдууларды, кубат жана жарыктандыруу тармактарын күн сайын текшерүү, жабдууларда аныкталган кемчиликтерди жана бузулууларды жоюу жана бул тууралу оперативдүү журналга жазуу киргизүү;
- Иш тапшырмасына ылайык электр жана жарыктандыруу тармактарынын жабдууларынын аварияларын жоюу боюнча оңдоо иштерин жүргүзүү;
- Тейлөөчү приборлордун жана жабдуулардын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу;
- Атайын трубопроводдордо кабель линияларын оңдоо, монтаждоо жана демонтаждоо, жез жана алюминий кабелдеринин ортосундагы муфталарды орнотуу;
- Өзгөчө татаал, жооптуу жана экстремалдык электр машиналарын, электр аппараттарын жана электр приборлорун оңдоо, чогултуу жана жөнгө салуу боюнча иштерди жүргүзүү.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү-2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.