ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
Жарыяланган: 05 August 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Нормативдик базаны сактоо жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүндө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- “Курулуш” (өнөр жай-жарандык, гидротехникалык, ж.б. тармагы артыкчылыкка ээ), “Тоо-кен иши”, “Энергетика”, “Метрология жана стандартташтыруу” багыты боюнча жогорку билим (2016-жылдан 2021-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздар кабыл алынат;
- Компьютерде иштей билүү жана MS Office программасын билүү;
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
Милдеттер:
- Нормативдик базаны сактоо жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн архивин системалоо.
- Нормативдик базаны сактоо жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн документтерин архивдөө.
- Тоо-кен өндүрүшү, металлургия жана калдыктарды жөндөө чөйрөсүндөгү нормативдик базаны сактоо боюнча иш ыкмаларын изилдөө жана түшүнүү;
- Шаарды пландаштыруу чөйрөсүндөгү нормативдик базаны сактоо боюнча иш ыкмаларын изилдөө жана түшүнүү;
- Техникалык түзүлүштөрдү сыноо, каттоо жана техникалык текшерүү учурунда нормативдик базаны сактоо боюнча иш ыкмаларын изилдөө жана түшүнүү;
- Приборлорду, өлчөө каражаттарын, радиостанцияларды ж.б. колдонууда нормативдик базаны сактоо боюнча иш ыкмаларын изилдөө жана түшүнүү ж.б.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек шаарыдагы кеңсе
- Жумуш графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2022-жыл 22-август саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.