ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
Жарыяланган: 18 February 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында АЫФтын Пробирдик-аналитикалык лабораториясына Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүндө такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.
Талаптар:
- Төмөнкү багыт боюнча жогорку билим (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү): Химиялык технология;
- Компьютерде иштей билүү жана MS Office программасын билүү;
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
- Өндүрүштүк тапшырмалардын өз убагында, толук жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо;
- Лабораториянын приборлорунун жана инструменттеринин абалы жөнүндө жетекчиликке билдирүү;
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү-2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- Төмөндөгү шилтемеге өтүп, анкетаны толтурууга жана керектүү докуметтерди тиркөөго болот. Анкетаны толтуруу, 2022 жылдын 9 март, саат 17.00гө чейин мүмкүн.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.