ӨНДҮРҮШТҮК ОКУУ ИНСТРУКТОРУ
Жарыяланган: 22 June 2022
Жабык
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Өндүрүштүк окуу инструктору (Кумтөр кени)
Билдирүүнүн номери: KGC-22-192
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Ар кандай багыттар боюнча курстарды даярдоо (гидравликалык, электр, механикалык жумуштар);
- Окуу пландарын, материалдарды даярдоо жана жаңылоо;
- Мобилдик жабдууларды оңдоо жана тейлөө боюнча окуу иштерин уюштуруу;
- Окуу графигин түзүү жана көзөмөлдөө;
- Кызматкерлердин билимин текшерүү үчүн тесттерди даярдоо;
- Теориялык жана практикалык окууларды жана сынактарды өткөрүү;
- Тоо-кен жана башка жабдууларды диагностикалоо жана оңдоо иштерин жүргүзүү;
- Жумушчулар аяктаган окуу курстарын эсепке алуу жана каттоо.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Инженер-механик, автоэлектрик, гидравликалык системалар багыттары боюнча жогорку техникалык билим;
- Багыты боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- В жана С категориясындагы айдоочулук күбөлүк;
- Microsoft Office программаларын колдоно билүү;
- Ишти белгиленген мөөнөттө бүтүрүү жөндөмдүүлүгү, максатка умтулуу, ыкыластуулук коюу, стресске туруктуулук, ийкемдүүлүк жана баарлашууга жөндөмдүү болуу.
ЖУМУШ ШАРТТАРЫ:
- Жумуш орду: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Кумтөр кени;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык расмий жумуш;
- Бийик тоолуу шарттарда вахталык ыкма менен иштөө.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 6-июль саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-22-192.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.