ИНСПЕКЦИЯ ЖАНА АНАЛИТИКАЛЫК ЛАБОРАТОРИЯ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 19 December 2023
ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК эки жылдык такшалмадан өтүү үчүн жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн инспекция жана аналитикалык лаборатория бөлүмүнө тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Химия жана химиялык технология (инженерия) багыты боюнча жогорку билим, (2019-жылдан 2023-жылга чейинки ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз.);
- Лабораториялык жабдууларды билүү (спектрометрлер, титраторлор);
- Колдонуучу деңгээлинде компьютердик көндүмдөрдү билүү (MS Office пакети)
- Химиялык реагенттер менен иштөөнү билүү;
- Аллергиялык оорулардын жоктугу;
- Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
- Бийик тоолуу шарттарда иштөөгө даярдык.
Милдеттери:
- Түздөн-түз жетекчинин тапшырмаларын аткаруу;
- Бөлүмдүн ишмердүүлүгүнүн бардык процесстерин изилдөө;
- Үлгүлөрдү каттоого, сорттоого, кургатууга көмөктөшүү, ошондой эле үлгүлөрдү электен талдоо;
- Геологиялык жана технологиялык үлгүлөрдүн аналитикалык лабораториясына келүүчү эритүүгө сынамдарды даярдоо;
- Калдыктарды сактоочу жайдын дамбасынын курулуш инспекцияларына катышуу;
- Өз компетенциясынын чегинде жумуш ордунда иштин коопсуздугун жана өндүрүмдүүлүгүн камсыз кылуу;
- Жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин сактоо.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду – Кумтөр кен-ишканасы
- Такшалманын графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 2-январында саат 16.00 дөн кеч эмес шилтеме аркылуу өтүп, тиркөө.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.