ИНФРАСТРУКТУРА ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 19 January 2024
ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК эки жылдык такшалмадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн Инфраструктура жана Коммуникациялар бөлүмүнө тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Маалыматтык технологиялар багыты боюнча жогорку билим (2019-жылдан 2023-жылга чейинки ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз).
- Адистиги боюнча такшалмадан өткөн же тажрыйбасы бар болуусу артыкчылык болуп саналат;
- Бир эле учурда бир нече ар кандай маселелерди чечүү жана алардын ортосунда тез которулуу мүмкүнчүлүгү.
- Стресске туруктуулук жана коммуникабелдүүлүк – чоң көлөмдөгү маалымат менен күрөшүүгө жөндөмдүүлүк;
- Техникалык жана системалуу ой жүгүртүү жөндөмү.
- Окууга жана кесиптик өнүгүүгө умтулуу.
Милдеттери:
- Сервердик, компьютердик жана перифериялык жабдууларды тейлөө жана конфигурациялоо;
- Программаны тейлөө жана конфигурациялоо;
- Компаниянын кызматкерлерине техникалык колдоо көрсөтүүгө көмөктөшүү;
- МТ активдерин инвентаризациялоодо жардам көрсөтүү.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду – Бишкек ш. кеңсе
- Такшалманын графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык зарыл болгон документтерди 2024-жылдын 2-февралында саат 16:00 кеч эмес шилтемени басуу менен тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.