ЖАБДУУЛАРДЫ (ООР ТЕХНИКАНЫ) ОҢДОО СЛЕСАРЫ
Жарыяланган: 14 September 2021
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Жабдууларды (оор техниканы) оңдоо слесары
Билдирүүнүн номери: KGC-21-0136
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Оор техника бирдиктерин пландуу техникалык тейлөөсүн өткөрүү жана оңдоо;
- Коопсуздук техника эрежелерин сактоо менен жумуштарды коопсуз аткарууну камсыз кылуу;
- Оор техниканын кыймылдаткычын, трансмиссиясын, борттук редукторлорун, подвескаларын жана жүрмө бөлүк бирдиктерин оңдоо жана жөнгө салуу;
- ET, VIMS, SIS программаларын колдонуу аркылуу жабдуулардын диагностикасын өткөрүү.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Атайын орто техникалык билим;
- Адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
- ЕТ, VIMS, SIS программаларын билүү;
- Техникалык билимдер жана жабдууларды тейлөө жана оңдоо боюнча көндүмдөр;
- Командада иштей билүү, ыкылас жана тыкан болуу.
Анкета жана резюмени 2021-жыл 26-сентябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0136
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.