ИЗИЛДӨӨЛӨР ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК ИШТЕП ЧЫГУУЛАР БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ (Бишкек кеңсеси)
Жарыяланган: 10 December 2021
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Изилдөөлөр жана инновациялык иштеп чыгуулар башкармалыгынын жетекчиси, Маалымат технологиялар дирекциясы (Бишкек кеңсеси)
Билдирүүнүн номери: KGC-21-0327
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Компаниянын МТ стратегияларын иштеп чыгууга, тагыраак айтканда инновациялык технологияларын өнүктүрүү жол картасын түзүүгө катышуу;
- Бизнес-процесстерди, технологиялык процесстерди, жабдууларды, датчиктерди, авто, продуктыларды жана кызматтарды, маалымат системаларын, технологияларды жана Компаниядагы маселелерди изилдөө;
- “Тоо-кен тармагындагы алдыңкы технологиялык компанияларда” жана башка тармактарда колдонулган маалымат системалар, инновациялар жана технологиялар чөйрөсүндөгү “мыкты практикаларды” анализдөө;
- Бизнес-кейс жаратуу үчүн прототипирование аркылуу аларды мыктылоо максатында бизнес-процесстердин, технологиялык процесстердин, маалымат системасынын архитектурасынын, технологиялардын маселелери менен муктаждыктарын анализдөө;
- Компаниянын бөлүмдөрү үчүн булактардан маалымат чогултуу, маалыматты киргизүү жана ачыктоо, маалымат витринасын жана аналитиканы калыптандыруу максатында корпоративдик аналитикалык платформа түзүү;
- Компаниянын бөлүмдөрүнүн муктаждыктары үчүн машина менен окутуу алгоритмдерин колдонуу аркылуу маалыматты түзүү жана моделдөө;
- Маалымат архитектурасын башкаруу процесстеринин жетилгендиктигинин өзүнө өзү баа берүү;
- МТ архитектурасын (колдонмо программдык камсыздоо / маалыматтар / технологиялар / МТ стандарттар) башкаруу процесстери тууралуу тышкы жана ички МТ аудитинин сунуштарын аткаруу;
- Жетекчинин тапшырмасы боюнча Компаниянын эң маанилүү маалымат системаларын, технологияларын тандоо жана салыштырмалуу анализи;
- Маалымат системаларды тандоо боюнча пилотторду өткөрүү;
- Архитектуралык чечимдерди контролдоо жана өнүктүрүү багыты боюнча МТ-долбоорлорунун жетекчилери, иштеп чыгуучулар, тапшырык ээлери менен өз ара аракеттешүү;
- Компаниянын бөлүмдөрү менен аракеттешүүнү уюштуруу.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Маалымат технологиялар/колдонмо математика жана информатика жаатында жогорку техникалык билим;
- Иш тажрыйбасы:
– маалымат сактагычтарын, маалымат алмашуу сервистерин, машина менен окутуу алгоритмдерин колдонуу аркылуу моделдерди түзүү сервистерин жаратуу жаатында 5 жылдан кем эмес тажрыйба (тоо-кен компанияларында иш тажрыйба артыкчылыкка ээ);
– маалымат технологиялар чөйрөсүндө жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес тажрыйба;
– маалымат технологияларын (программдык камсыздоо, инфраструктурасын) долборлоо боюнча 3 жылдан кем эмес тажрыйба;
– Топтун жетекчиси/ МТ долбоорлорунун жетекчиси/Чечимдер архитектору / Башкы иштеп чыгуучу катары МТ долбоорлорун/ маселелерин башкаруу боюнча 3 жылдан кем эмес тажрыйба;
– CASE инструменттерин колдонуу аркылуу маалымат архитектураларын моделдөө тажрыйбасы (Data Governance);
- – архитектуралык принциптерди, архитектуралык стандарттарды жана үлгүлөрдү, архитектуралык көрүнүштөрдү, архитектуралык моделдерди жана процесстерди мыкты практикаларга, референстик архитектуралык жана тармактын стандарттарга (TOGAF, PEAF, ZACHMAN) ылайык иштеп чыгуу тажрыйбасы;
- долбоорлорду, программаларды жана МТ долбоорлорунун портфелдерин мыкты практикаларга (ANSI PMI) ылайык башкаруу тажрыйбасы;
- маалыматты, ОС, МББС, колдонмолорду миграция кылуу боюнча тажрыйба;
- булуттук технологиялар (IaaS, PaaS, SaaS) менен иштөө тажрыйбасы;
- Атайын көндүмдөрү жана билими:
- маалымат технологиялар жана долбоорлорду башкаруу боюнча мыкты практикалар (DMBOK, AGILE, PMBOK);
- маалымат базаларын жана реляциондук байланыштарды башкаруу системаларынын түзүлүшү тууралуу жалпы принциптерин билүү;
- ANSI SQL, PL/ SQL программалоо тилдери;
- мыкты баарлашуу көндүмдөрү;
- маалымат базаларын жана реляциондук байланыштарды башкаруу системаларынын түзүлүшү тууралуу жалпы принциптерин билүү;
– 3 кем эмес бизнес – домендерде көндүмдөрү (финансы, МТ, логистика, тоо-кен тармагы артыкчылыкка ээ, металлургия);
– орус тилин – эркин билүү;
– кыргыз тили – кубатталат;
– англис тилин орточодон жогору (Upper Intermediate) же алдыңкы (Advanced) деңгээлде билүү.
ЖУМУШ ШАРТТАРЫ:
- Кызмат орду: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык расмий ишке орноштуруу;
Анкета жана резюмени 2021-жыл 24-декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0327.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.