РЕСУРСТУК МОДЕЛДӨӨ БОЮНЧА ГЕОЛОГ (КУМТӨР КЕНИНДЕ)
Жарыяланган: 27 August 2021
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Ресурстук моделдөө боюнча геолог (Кумтөр кенинде)
Билдтрүүнүн номери: KGC-21-0138
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Кенди компьютердик моделдөөнү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө электрондук геологиялык маалымат базасын жүргүзүүнү уюштуруу жана натыйжалардын кайталанышын камсыз кылуу;
- Талаанын геостатикалык моделдөөнүн параметрлерин аныктоо боюнча иштердин зарыл комплексин ишке ашыруу, компьютердин моделин түзүү жана жаңы маалыматтар келип түшкөндө аны дайыма жаңыртуу;
- Маркшейдердик кызматтын маалыматтарынын негизинде казылып алынуучу руданын сапатын ыкчам аныктоо;
- Кенди баалоодо салттуу жана компьютердик усулдарын салыштыруусун жүргүзүү;
- Статистикалык жана башка отчетторду, ошондой эле пайдалуу кендердин коруларынын кыймылына байланыштуу маалыматтарды өз убагында берүү;
- Кен казуунун ишенимдүү пландалышын камсыз кылуу жана кендин компьютердик моделин колдонуу менен тоо-кен геологиялык чалгындоонун жылдык жана перспективдүү пландарын даярдоо үчүн кошумча катышуу.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Геология, пайдалуу кендерди чалгындоо жана казып алуу адистиги боюнча жогорку билим;
- Тоо кен компанияларында иштөө тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес болуу керек;
- Запастарды жана ресурстарды баалоо боюнча эл аралык стардарттарды жана КР запастар боюнча мамлекеттик коммиссиянын талаптарын билүү;
- Gemcom, Datamine, Micromine программаларын, маалыматтар базасынын структурасын жана башкаларын билүү;
- Айдоочунун күбөлүгү (В категориясы).
ЖУМУШ ШАРТТАРЫ:
- Жумуш орду: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Кумтөр кени;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык расмий ишке орноштуруу;
- Бийик тоолуу шарттарда вахталык негизде иштөө.
Анкетаны жана резюмени 2021-ж. 12 сентябрь саат 16.00 чейин HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек же Бишкек, Каракол, Балыкчы шаарларында КГКнын офистерине тапшыруу керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
ЭСКЕРТҮҮ! БИЛДИРҮҮНҮН НОМЕРИ KGC-21-0138 КАТТАРДЫН ТЕМАСЫНДА КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.