Жарыяланган: 11 December 2024
III Элдик курултайдын делегаттары «Кумтөр Голд Компанинин» Токмок шаарындагы филиалы – Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводдун иши менен таанышты.
Заводдун директору Александр Сметаниндин айтымында, өлкө жетекчилигинин түздөн-түз колдоосу менен ишке ашырылган амбициялуу долбоорлордун бири болгон Токмок шаарындагы Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод 2023-жылдын август айында тесттик режимде ишке киргизилген.
«Учурда заводдун дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү жана дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүүчү 2 цехине заманбап технологиялык жабдууларды орнотууну аяктады. Жакында завод эки нөөмөткө өтөт, келечекте үчүнчү нөөмөттү да ишке киргизүүнү пландап жатабыз жана завод күнү-түнү иштей баштайт. Ал эми кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн болбой калган эски дөңгөлөктөрдөн ар түрдүү фракциядагы резина күкүмдөрүн жана жогорку легирленген болот чыгарылат. Компаниянын продукциясын текстиль өндүрүшүндө жана металл иштетүүдө колдонууга болот. Биздин республикада эле эмес, бүткүл Борбордук Азияда теңдеши жок бул уникалдуу заводдун келечеги абдан жакшы», – деп баса белгиледи ал.
Өз кезегинде Элдик курултайдын делегаттары эски автоунаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетүү жана утилизациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
«Кыргызстанда өндүрүш кайра жанданып, жаңы жумушчу орундары түзүлүп жатканы абдан кубандырат. Бул завод дагы купулубузга толду. Өндүрүштү өз көзүбүз менен көрүп, жакшы таасирде калдык. Өлкө жетекчилигине, Кумтөр ишканасынын башчыларына терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз» – дейт Чүй облусунун Арашан айылынан шайланган делегаттардын бири Көлбай Алымкулов.