Жарыяланган: 16 May 2022
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) “Күлүк” олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин жайларын жана спорттук курулмаларын модернизациялоого колдоо көрсөтөт. Кыргызстанда бул билим берүү мекемеси 65 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келет. Бул жерде балдарды ат минүүгө үйрөтүшөт жана спортчуларды мелдештерге машыктырышат. Мектеп классикалык олимпиадалык ат спортунун түрлөрүн өнүктүрөт. Алар конкур (тоскоолдуктардан секирип өтүү) жана ат чабуу, дрессура (ат бийи).
Ат спорту Кыргызстан тарыхый жана маданий мурасында өзгөчө орунга ээ. Ат спортунун дүйнө жүзү боюнча жана өзгөчө Евразия мейкиндигинде тез өнүгүп жатканын жана популярдуулугун белгилеп кетүү зарыл. 12-15-майда “Күлүк” ат спорт мектебинин базасында ат спорту боюнча эл аралык мелдештер өттү, алардын башкы максаты Евразия биримдигинин өлкөлөрүнүн ортосунда достукту бекемдөө.
Дене тарбияны жана сергек жашоо образын жайылтуу – бул ар бир өлкө үчүн маанилүү. КГК мамлекет башчысынын «Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбия жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууга жигердүү колдоо көрсөтөт. “Кумтөр” компаниясы Кыргыз Республикасында балдар-өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү боюнча “Мектеп лигасы” масштабдуу долбоорунун башкы демөөрчүсү болду. “Күлүк” олимпиадалык резервинин ат спорт мектебин колдоо “Кумтөрдүн” көптөгөн улан-кыздардын спорт менен машыгуусуна кошкон дагы бир салымы.