ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ БОЮНЧА ИНЖЕНЕР
Жарыяланган: 13 May 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош ваканттык ордун жарыялайт
Техникалык көзөмөл боюнча Инженер (Кумтөр кени)
Билдирүү номери: KGC-22-157
ИШ-МИЛДЕТТЕРИ:
- Компаниянын объекттеринде курулуш-монтаждоо иштеринин аткарылышына техникалык көзөмөл жүргүзүү;
- Курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмдөрүнүн, мөөнөттөрүнүн жана сапатынын, ошондой эле колдонулган материалдардын, буюмдардын, конструкциялардын сапатынын бекитилген долбоордук-сметалык документтерге, жумушчу чиймелерге, курулуш ченемдерине жана эрежелерине, стандарттарга, техникалык шарттарга, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын ченемдерине, өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин көзөмөлдөө;
- Аткаруу документтеринин шайкештигин көзөмөлдөө, аяктаган курулуш-монтаждоо иштерин эсепке алуу жана отчет үчүн зарыл болгон маалыматтарды даярдоо.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Өнөр жай жана жарандык инженерия багыты боюнча жогорку билим;
- Курулушту көзөмөлдөө боюнча инженер же башка инженердик-техникалык жумуштарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- “Инженердик кызмат көрсөтүү боюнча адис” квалификациялык сертификаты;
- Курулуш объектилерин текшерүү тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.
Анкета жана резюме 2022-жылдын 27-майына чейин, саат 16:00-дөн кечиктирбестен HR@kumtor.kg электрондук почтасына жөнөтүлүшү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА KGC-22-157 БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.