АЛТЫН ЫЛГОО ФАБРИКАНЫН ЭЛЕКТРОГАЗОШИРЕТҮҮЧҮСУ / СЛЕСАРЬ-ОҢДООЧУСУ (ЗИФ 2, КУМТӨР КЕНИНДЕ)
Жарыяланган: 19 August 2021
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Алтын ылгоо фабриканын электрогазоширетүүчүсу / слесарь-оңдоочусу (ЗИФ 2, Кумтөр кенинде)
Билдирүүнүн номери: KGC-21-0070
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Электрогаз ширетүү жумуштарын аткаруу;
- Жабдуунун техникалык тейлөөсүн аткаруу;
- Жабдууларды жана участкаларда пландуу инспекцияларды жүргүзүү;
- Үзгүлтүксүз өндүрүштү жана жабдуулардын иштешин камсыз кылуу;
- Инспекциялардын жана техникалык тейлөөнүн натыйжасында формаларды жана отчетторду толтуруу.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- “Газоэлектроширетүү “адистиги боюнча атайын орто билими;
- Ширетүү жумуштары боюнча иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес болуу керек;
- Кол дого ширетүү жана газ менен металлды кесүү боюнча мыкты көндүмдөргө ээ болуу;
- Дого кесүү жана жарым автоматтык ширетүү менен иштөө тажрыйбасы;
- Ширетүүчүнүн жыл сайын аттестациядан өткөн сертификаты артыкчылык болот;
- “B” категориясындагы айдоочунун күбөлүгү;
- Тоолу бийиктикте иштөөгө жарактуу.
Анкетаны жана резюмени 2021-ж. 27 август саат 16.00 чейин HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек же Бишкек, Каракол, Балыкчы шаарларында КГКнын офистерине тапшыруу керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
ЭСКЕРТҮҮ! БИЛДИРҮҮНҮН НОМЕРИ KGC-21-0070 КАТТАРДЫН ТЕМАСЫНДА БЕЛГИЛЕНБЕСЕ, АЛАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.